Жалал-Абаддын үч аймагында кар көчкү түштү

Жалал-Абаддын үч аймагында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 6-мартта Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымында болжол менен 3100 метр куб, ал эми Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 99-101-чакырымында болжол менен 558 метр куб, Торкен-Толук автоунаа жолунда болжол менен 840 метр куб кар көчкү түшкөн.
Буга байланыштуу Токтогул, Чаткал райондук ӨКБ өздүк курамы менен биргеликте Жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, жолду тазалоо жүмуштары жүргүзүлдү.
Өлкө аймагында аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу узак жолго чыккан айдоочуларга унаалар ортосунда 500 метр аралыкты так сактоону Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.