CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу кийинки жылдын апрель айында башталат

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу кийинки жылдын апрель айында башталат. Улуттук электр станциялар компаниясынын маалыматына ылайык, “Датка” подстанциясынан Тажикстандын “Сугд” подстанциясына чейин узундугу 477 чакырымга созулган линия тартылат.

 

Анын басымдуу бөлүгү биздин өлкө аркылуу өтөт. Кыргызстандагы иштерди эл аралык банктар каржылайт. Эске салсак, CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстандын жана Тажикстандын электр энергиясы Афганистан менен  Пакистанга экспорттолот.