Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 69 миллион метр кубду түздү (19-майга карата көрсөткүч). Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматта суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 619 метр куб, агып чыгышы 303 метр кубду түзгөнү белгиленди.