Аксыда сел түшүп негизги каттамдардын бири убактылуу жабылды

Аксыда сел түшүп негизги каттамдардын бири жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда саат 18:00дөр чамасында Аксы районуда кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Авлетим айыл өкмөтүнүн Авлетим-Кара-Жыгач унаа жолунун 37-чакырымында (Капчыгай тилкеси) сел жүрүп жолду кум-шагылга толтурган.

 

Учурда жол каттамы убактылуу жабык. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү максатында атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн жана көп узабай каттам ачылган.