Токтогулга жана Соң-Көлгө балыктын 2 млн. 400 миң даана чабагы коё берилди

Казакстандын Усть-Кеменогорск шаарынан инкубация цехинен алып келинген 400 миң пелядь чабагы Соң-Көлгө, ал эми толстолоб балыгынын 2 миллион даана чабагы Токтогул суу сактагычына коё берилди. Балыктын мындай түрлөрү аталган жайларга алгачкы жолу салынды.

 

2022-жылдын биринчи жарымында балыкты көбөйтүү жана сактоо максатында Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнө жана Орто-Токой, Базар-Коргон, Токтогул сыяктуу суу сактагычтарга сиг-лудога, пелядь, карп-сазан жана Ысык-Көл форели балыктарынын 20,7 млн. даана чабактары коё берилген.

 

Балык чарба департаментинин адистери тарабынан быйыл алты айда Ысык-Көл, Соң-Көлдү, Орто-Токой, Токтогул суу сактагычтарын, Чүй облусунун көлмөлөрүн браконьердик торлордон тазалоо максатында 19 ирет рейд жасалып, 181 мыйзамсыз балык уулоочу каражаттар аныкталган. Балык кармоо эрежелерин бузгандардан 76 603 сом бюджетке чегерилген, дагы 43 430 сомго айып жазылган.

 

Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте Тянь — Шань тоолорунун арасында жайгашкан. Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят.