Ислам оюндарынан алгачкы медаль

Ислам оюндарынан алгачкы медаль. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча мелдеште күмүш медалга ээ болду.

 

Спорт министрлигинин маалыматына ылайык, Сманбеков килемге 57 килограмм салмактык категорияда чыгып, финалга чейин ийгиликтүү жете алды.

 

Бирок чечүүчү беттеште өзбекстандык балбанга утулуп калды. Ислам шериктештиги оюндарына 56 өлкөдөн 4 миң 200 спортчу катышып,  483 медалдын комплекти ойнотулат. Кыргызстандан 100дөн ашуун атлет спорттун  16 түрү боюнча күч сынашат.