Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн жана эртең Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдоруна көчкү түшүшү мүмкүн.
Бул жолдордо жүргөндө айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоосу керек.