Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Андыктан, шаар тургундарына массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүдөн баш тартуу сунушталат, — деди Ордо калаанын эпидем көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова.

 

Ал белгилегендей, улгайган адамдар өзгөчө этият болуп, эл көп чогулган жерлерге барбашы керек. Дүкөн, базарларда жана коомдук транспортто социалдык аралыкты сактап, беткапты тагынып, антисептиктерди колдонуу зарыл, — деди Рыскулбекова.