Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат. Ошондой эле эскисин рекультивациялоо пландалып жатканын мэриядан билдиришти.
Долбоорлор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашат. Белгиленгендей, учурда тендердик иш-чаралар жүрүп жатат, ал аяктагандан кийин курулуш иштери башталат.