Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.