Твиттердеги верификация акылуу болот

Твиттердеги верификация акылуу болот. Колдонуучулар аты-жөнүнүн жанында  көк “галочка” турушу үчүн эми айына 20 доллардан төлөп калат.

 

Социалдык баракчанын жаңы ээси Илон Маск командасына 7-ноябрга чейин  жаңы функцияны киргизүү тапшырмасын берди, жетишпей калса, команда толугу менен иштен алынат.

 

Эгер колдонуучунун верификациясы буга чейин бар болсо, ага акы төлөө үчүн 90 күн берилет, болбосо, ал галочкасынан кол жууйт.