Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылышы күтүлүүдө

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылышы күтүлүүдө.

Бул тууралуу novosti.kg ге Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришти.

Ага караганда, бул маселе боюнча аталган мекемеде чечим кабыл алынды.

Тиешелүү документке кол коюлса, убактылуу айдоочулук күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү узартылат.

Эске салсак, аталган документти кыргызстандыктар 31-декабрга чейин алмаштырышы керек.