Кийинки жылдын июль айынан баштап дары-дармектерге маркировка киргизилет

Кийинки жылдын июль айынан баштап дары-дармектерге маркировка киргизилет.

Бул тууралуу вице премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай система сырттан алынып келинген препараттарды

көзөмөлдөөгө жардам берет. Анын ичинде, колдонуу мөөнөтүү, кайсы медициналык

мекемеден келгендиги такталып, ар бири белгилөөдөн өтөт. Мындан тышкары

системаны көзөмөлдөөчү Улуттук базанын ишке кирирүүгө даярдыгы жана аны

менен колдонуу эрежелери тууралуу жарандарга кеңири маалымат берилет, — деди Өмүрбекова.