УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Кыргызстанга күйүүчү майларды мыйзамсыз
алып кирген каналдарды ачыктады. Ведомстводон билдиришкендей,
«Кара-Балта» темир жол станциясынан 240 тонна күйүүчү май жүктөлгөн
төрт цистерна-вагон кармалды. Өткөрүлгөн экспертизанын негизинде
аталган вагондордогу заттар Аи-92 үлгүсүндөгү бензин экендиги белгилүү болду.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери сотко чейинки өндүрүштүк
материалдардын негизинде төлөнбөгөн салыктар эсептелүүдө.