Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну бир айга камалды

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну бир айга камалды.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы

Дамира Юсупова билдирет. Анын айтымында, кармалгандарды суракка алганда

экөөнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал табылган.

Ага карата соттук экспертиза дайындалды. Эске салсак, буга чейин Көк-Таш

айылынын алты тургунун чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды

деген шек менен милиция кармап кеткен.