Украинада качкындардын саны 1,5 миллионго жетти

Украинада качкындардын саны 1,5 миллионго жетти.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссары

Филиппо Гранди билдирди. Анын айтымында, бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки

Европада өтө тездик менен өнүгүп жаткан миграциялык кризис. Анын ортосунда

Россия армиясынын блокадасына алынган Мариуполдон калкты чыгарып кетүү

аракети кайрадан ишке ашкан жок. 400 адамды эвакуациялоо кечээ түштөн кийин

ок атышуу убактылуу токтотулганда башталып, кечки саат 9га чейин уланмак.

Учурда аталган калаада суу, электр энергиясы жана жылуулук жок.