Бишкек — Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол жеңил унаалар үчүн ачылды.
Бирок оор жүк ташуучу унаалар үчүн кыймылга киргизилген чектөолөр күчүндө, — деп
билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Эске салсак, бүгун тилкенин
224-чакырымына болжол менен 10 жарым миң куб метр кар массасы түшкөн.
Андан улам Арал постунда кыймылга убактылуу чектөө киргизилген.