Жалал-Абад шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасы жаңы техникалар менен толукталды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, таштанды ташуучу 3 атайын заманбап
техника сатып алынды. Бул максатта 18 миллион сом жумшалды. Каражат
облустук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен берилди.