Украинадагы Кыргызстан жарандарын Венгрия аркылуу эвакуациялоо иштери башталды

Украинадагы Кыргызстан жарандарын Венгрия аркылуу эвакуациялоо иштери башталды. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда 110 кыргызстандык Венгрияга жөнөтүлүүдө.

 

Андан тышкары, дагы 150дөй жаран кезек күтүп жатат. Эске салсак, буга чейин Украина аймагындагы мекендештерди эвакуациялоо коменданттык саат аяктагандан кийин башталат деп жарыяланган.