Эртеңден тарта чет элдик жарандар Кыргызстан аймагынан айып төлөгөндөн кийин гана чыга алат

Эртеңден тарта чет элдик жарандар Кыргызстан аймагынан айып төлөгөндөн кийин гана чыга алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Ведомство маалыматына ылайык, буга чейин чет элдик жарандарга биздин өлкө аймагынан виза жана каттоо жасатпай чыгып кетүүгө 1-мартка чейин убакыт берилген.

 

Жетишпей калгандар 5 миң 500 сом айып төлөөгө аргасыз болот. Белгилеп кетсек, темир жол жана транспорттук каттамдар калыбына келтирилип жатканын эске алуу менен министрлер кабинети “жашыл коридорду” жабат.