Украинадагы абалга байланыштуу Кыргызстанда баалардын кескин кымбатташына жол бербөө боюнча чаралар көрүлүүдө

Украинадагы абалга байланыштуу Кыргызстанда баалардын кескин кымбатташына жол бербөө боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда ыкчам план иштелип жатат. Андан тышкары, ведомство жакынкы арада базарлардагы спекуляцияны кыскартып, мунай ташуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

 

Министр белгилегендей, эгер ташуучуларда каражат жетишсиз болсо, товарлардын дефицитин алдын алуу үчүн кыска мөөнөттүү насыяларды берүү суроосу каралат.