Украинадан бир миллиондон ашуун киши чыгып кетти

Россия басып кирген 24-февралдан 4-мартка чейин 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун  Качкындар иштери боюнча агенттиги кабарлады.

 

Качкындардын көпчүлүк бөлүгүн Польшада жана Молдова кабыл алды. Мындан сырткары Румыния, Венгрия, Словакияга да көп тургундар чыгып кетишкен. Качкындар андан ары башка мамлекеттерге да өтүүдө.

 

Россиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Салгылашууда миңдеген адамдар каза болгону кабарланууда.