«Ак калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты» ЮНЕСКОнун
Адамзаттын бейзаттык маданий мурасынын өкүлдүк тизмесине киргизилди.
Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү сунуш ЮНЕСКОнун катчылыгына 2018-жылы жиберилип,
көз карандысыз эл аралык серепчилер сунушту талдап, чечимди кечээ чыгарышты.
Кошумчаласак, аталган уюмдун тизмесине Кыргызстандын Манас эпосу жана үчилтиги,
акындык өнөр, кол өнөрчүлүктөрү, тамак-аштары жана башка улуттук баалулуктары киргизилген.