«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү 3-августта ачылат

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү 3-августта ачылат.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Дүйшөмбүдөн тарта

Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык

бөлүмү жана Лебединовка айылы жана Жеңиш проспектиси — 121Б дарегиндеги айдоочулук

курамды каттоо боюнча бөлүм ишин жандантат. Ошондой эле Баткен аймактык

бөлүмү менен Баткен сектору да ишин жандантышы күтүлүүдө. Белгилеп кетсек,

өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал кескин начарлап кеткендигине байланыштуу

«Унаа» ишканасынын бөлүмдөрү 6-июлдан тартып карантинге жабылган.