FIFA Кыргызстандын футбол союзуна 1,5 миллион доллар каражат берет

FIFA Кыргызстандын футбол союзуна 1,5 миллион доллар каражат берет.

Аталган уюмдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, каражат FIFA

уюмунун талабы боюнча кесипкөй жана кыздар футболу, жаштар жана

массалык футболду камтыган футболдук жамааттарга грант жана насыя

аркылуу берилет. Акчага дүйнөдөгү 211 федерация ээ болот. Мындан тышкары,

федерациялар 5 миллион долларга чейин пайызсыз насыя ала алышат.

Акчалар коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюу максатында берилет.