Боом капчыгайында жолго түшкөн таштар тазаланды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында
тоо боорунан жолго чоң таштар түшүп, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган.
Жерине Балыкчы шаардык бөлүмдүн куткаруучулары тартылып,
тазалоо иштери аткарылды. Учурда унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат.