Унаа жана жолдор министрлиги салмак-габариттик пункттарды автоматташтырууну көздөөдө

Унаа жана жолдор министрлиги салмак-габариттик пункттарды автоматташтырууну көздөөдө.

Бул тууралуу мекеменин жетекчисинин орун басары Таабылды Тиллаев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Автоматташтыруудан кийин адам фактору толук жоюлат, ошондой эле посттордун ачык-айкын иштеши камсыздалат деп күтүлүүдө.

Министрлик бул ишти жыл аягына чейин чечүү ниетинде.