Экономика министрлиги дан жана ун импортун кошумча нарк салыгынан бошотуу мөөнөтүн узартууну сунуштоодо.
Долбоор коомдук талкууга коюлду.
Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети ушул жылдын 1-августуна чейин аталган азыктарды салыктан бошоткон.
Эми Экономика министрлиги 31-декабрга чейин мөөнөт берүүнү көздөп жатат.
Адистер бул чаралар көрүлбөсө, баалар кескин көтөрүлүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Бул калктын сатып алуу жөндөмүнө гана эмес, азык-түлүк коопсуздугуна да терс таасирин тийгизет, — деп айтылат маалыматта.