Ысык-Көл облусунун Каракол шааарында 7 мектептин аталышы өзгөртүлдү.
Мындай чечим шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды.
Сессияда Ысык-Көлдөгү жети акенин ысымдары №1, 2, 3, 15, 6, 7, 9 мектептерге берилди.
Мындан тышкары, №5 мектепке саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылды.
Белгилеп кетсек, жогорудагы мектептер негизинен орус акын-жазуучуларынын ысымдарын алып жүргөн.