Парламенттик шайлоодо эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, санитардык талаптар сакталат.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, саясий партиялар талапкердин тизмеси жана башка документтерди
Боршайкомго 24-августка чейин бериши керек. Партияларды каттоо 3-сентябрда аяктап,
4-сентябрда үгүт иштери башталат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда Жогорку кеңештин
7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленди.