“Ынтымак” сейил багынын курулушуна 39 миллион сом сарпталат

“Ынтымак” сейил багынын курулушуна “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы

39 миллион сом сарптайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Аталган каражат амфитеатр, бассейн, аллея, “Комуз” формасындагы  суу оргумасын курууга жумшалат.

Эске салсак, “Ынтымак” эс алуу багынын биринчи бөлүгү былтыр Эгемендүүлүк күнүнө

карата ачылган. Кийинки бөлүгүн куруу ушул жылга белгиленген.