Бишкекке Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбей,
сессия 2020-жылдын 14-январына жылдырды. Эске салсак, мэрия футбол
борборунун курулушуна жер тилке бөлүп бербесе, каршылык акциясы катары
Кыргызстан курамасы Бишкекте ойнобойт. Бул тууралуу Футбол федерациясынын
вице-президенти Дастанбек Конокбаев билдирди. Ал эми долбоорду ишке ашырууга
ФИФА каражат бөлүп берүү ниетинде. Эгер аталган көйгөй 31-декабрга чейин
чечилбесе 3 жарым миллион доллар грант башка өлкөгө берилет.