Москва районунда 4 жарым чакырым жерге суу түтүктөрү орнотулду.
Жаңы системаны пайдаланууга берүү ачылыш аземи Темен-Суу айылында өттү.
Бул иштер райондогу 7 айылдагы калкты таза суу менен камсыз кылуу жумуштары аркылуу ишке ашууда.
Ал эми жашоочулардын саны 9 миң 498ди түзөт. Курулуш иштерине демөөрчүлөр,
айыл тургундары жана айыл өкмөттөн жалпы 800 миң сом чогултулган.