Ысык аба-ырайында калк арасында тамак-аштан уулануу жана ичеги-карын оорулары күч алууда

Ысык аба-ырайында калк арасында тамак-аштан уулануу жана ичеги-карын оорулары күч алууда. Буга байланыштуу Бишкектин Санэпидем көзөмөл кызматы тез бузулуучу тамактарды жегенде этият болууга чакырат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, көчөдө сатылган тамак-аштан баш тартып, сүт азыктарын, креми бар таттуулардын сактоо мөөнөтүнө көңүл бөлүү зарыл. Жашылча, мөмө-жемишти колдонуудан мурда жакшылап жууш керек.

 

Үйдөн тамак-ашты жана башка азыктарды бир гана муздаткычта сактоо сунушталат.