Кыргызстанда азык-түлүк дагы эле кымбаттоодо

Кыргызстанда азык-түлүк дагы эле кымбаттоодо. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, июнь айында өлкөдө ун, нан, кой эти, картөшкө, кумшекер жана чайдын баасы көтөрүлдү. Алсак, картөшкө 12 сом 37 тыйынга кымбаттады.

 

Ал эми эттин баасы 10 сомго өсүп, учурда бир килограммынын баасы 519 сомго теңелет. Ун жана чайдын наркы 1 сомго көтөрүлгөнү катталды.