Бүгүнтөн тарта Талас облусуна каттамдар токтотулду.
Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, Талды-Булак
айылында атайын пост коюлуп, андан ар бир өткөн айдоочу катталып,
унаа ичиндеги жүргүнчүнүн өздүгү такталып өткөрүлүп жатат.
Өткөрмө-түйүндөн Таласта катталган гана жарандар өтүп,
кайра Бишкекке чыгарылбайт. Бул чаралар коронавирустун
алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатат.