Аэропорттон жүргүнчүлөрдү тосуп алууга жана узатууга убактылуу тыюу салынат

Аэропорттон жүргүнчүлөрдү тосуп алууга жана узатууга убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан белгилешкендей, бул эпидемиологиялык кырдаал күчөт бараткандыгына байланыштуу. Бөгөт “Манас”, “Ош” жана “Тамчы” аэропортторуна тиешелүү жана абал жакшырганга чейин күчүндө болот.