Ишсиз жарандар үчүн жаңы сайт ачылды

Ишсиз жарандар үчүн жаңы сайт ачылды.

Порталга zanyatost.kg дареги аркылуу кирсе болот.

Андан кийин жумушсуздар сайт аркылуу аймактын бөлүмүнө иш издөөчү катары катталат.

Порталда вакансиялар, акы төлөнүүчү коомдук иштер, ишке даярдоо, кайра даярдоо,

квалификацияны жогорулатуу жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул тууралуу

маалыматтар камтылган. Ошондой эле бул сайтка жумуш берүүчүлөр да маалымат калтыра алат.