Нарын облусунун Ак-Талаа районунда электр мамылары жаңыланды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда электр мамылары жаңыланды.

Бул тууралуу райондук электр тармактарынын жетекчиси Тынчтык Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, Баетов айылында эски электр мамыларынын ордуна жаңы темир

бетон мамылары орнотулду. Учурда аба чубалгыларын жаңыртуу иштери жүрүп жатат.