Ордо калаада тыюу салынган той аштарды өткөрүү фактылары катталууда.
Мэриядан билдиришкендей, санитардык-экологиялык инспекция акыркы
10 күндө массалык иш-чараларды өткөргөн ишкерлерге 80 миң сомго айып салды.
Алар ордо калаадагы кафе, чайханалар. Эреже бузуулар көбүнчө дем алыш күндөрү катталууда.
Белгилеп кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу
массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген.