Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт.
“Бишкек суу канал” ишканасынан билдиришкендей, 21-февраль,
жекшембиде таңкы саат 9дан кечки 8ге чейин Суеркулов, Тыныстанов,
Ахунбаев, Медеров, Радищев, Лев Толстой, Жукеев Пудовкин, Элебаев,
Малдыбаев, Масалиев, Байтик-Баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн
бир бөлүгүндө таза суу жок болот. Андыктан аталган тилкелердин
жашоочуларына сууну запастап камдап алуу сунушталат.