БШК форма №2ни колдонууну татаалдаштырууну карап жатат

БШК форма №2ни колдонууну татаалдаштырууну карап жатат.

Чечимдин текстин БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, сунушта добуш берүү дарегин бир гана жолу өзгөртүү, бир облустун

ичинен алмаштырууга тыюу салуу жана арыздарды шайлоого 30 күн калганга чейин

жыйынтыктоо каралды. Эске салсак, 4-октябрда өткөн шайлоодо форма №2 менен

катышууну каалаган 400 миңден ашык жарандан арыз түшкөн. Муну менен катар

3 киши шайлоо дарегин 22 ирет өзгөрткөнү маалым болду.