Ысык-Көлдөгү айланма жолду куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

Ысык-Көлдөгү айланма жолду куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды.

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык,

Балыкчы — Каракол — Балыкчы унаа жолунун Корумду айылынан Балбай айылына

чейинки бөлүгү кайра калыбына келтирилет. Оңдоло турган тилкенин узундугу

80 чакырымды түзөт. Жол оңдоо менен катар аялдамалар, веложолчо, тротуар салынып,

көпүрөлөр ремонттолуп, жарыктандыруу иштери аткарылат. Долбоордун ишке

кириши менен Ысык-Көл жана Түп райондорунун калкы үчүн жаңы жумуш орундары түзүлөт.