Ысык-Көлдөгү эс алуу үйлөрү жана пансионат ээлери үчүн бир катар эрежелер киргизилет

Ысык-Көлдөгү эс алуу үйлөрү жана пансионат ээлери үчүн бир катар эрежелер киргизилет.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, ден соолукту чыңдоо санаторийлеринде жана эл көп чогулган жерлерде

медицина кызматкерлери нөөмөттө турушат. Алар оорунун белгилери бар адамдарды аныктап,

изоляцияга алат. Белгилеп кетсек, учурда Ысык-Көл облусуна негизсиз кирүүгө болбойт.

Паспортту көрсөтүү режими сакталууда.