Жалпы жарандык биометрикалык жаңы паспорттордун алгачкы 100 миң нускасы февралда келери күтүлүүдө

Жалпы жарандык биометрикалык жаңы паспорттордун алгачкы 100 миң нускасы февралда келери күтүлүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жаңы паспортто «атасынын аты» деген графа жарандын

каалоосуна жараша толтурулат. Жаңы паспорт 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери менен корголот.

Анда ошондой эле республика аймактарынын символдору камтылды. Эске салсак,

Кыргызстандык паспорттун жаңы үлгүсүн чыгаруу боюнча 2020-жылы германиялык

ишкана менен 1,5 миллион бланк чыгарууга 3 жылдык келишим түзүлгөн.