Акыркы 2 айда дүйнөдөгү эң бай 25 адамдын каражаты 255 миллиард долларга көбөйдү

Акыркы 2 айда дүйнөдөгү эң бай 25 адамдын каражаты 255 миллиард долларга көбөйүп,

дээрлик 1,5 триллион долларга жетти. Дүйнө байларынын каражаттарын Forbes басылмасы эсептеп чыкты.

Аталган мөөнөт аралыгында барынан Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин капиталы өстү.

23-марттан бери анын каражаты 31,4 миллиард долларга көбөйүп, 86,5 миллиард долларга жетти.

Экинчи орунда дүйнөнүн эң бай адамы Джефф Безос турат. Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана

башчысы 2 айдын ичинде 29,9 миллиард доллар таап, жалпы 146,9 миллиард доллардын ээси болду.