Өзбекстанда массалык иш чараларга чектөө киргизилди

Өзбекстанда массалык иш чараларга чектөө киргизүү тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиянын чечими чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Бул жерде майрамдык, спорттук мелдештер, концерттер жана фестивалдар тууралуу сөз болууда. Бирок спорттук иш чараларды көрүүчүлөр жок өткөрүүгө уруксат берилди.

 

1-августтан тарта Өзбекстанда үйлөнүү үлпөттөрүн, тажия жана үй-бүлөлүк башка иш чараларды өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого көзөмөл күчөтүлөт.

 

Учурда Өзбекстанда күнүнө коронавирусту жаңыдан жугузуп алгандар 400дөн ашык катталууда.