Баткен облусунда чек ара жаңжалында жабыркагандарга 200гө жакын үй курулуп жатат

Баткен облусунда чек ара жаңжалында жабыркагандарга 200гө жакын үй курулуп жатат.

 

Анын 140 жеңил конструкциядан болсо, 36 турак-жай кирпичтен салынууда. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиевдин айтымында, курулуп жаткан үйлөр бардык талаптарга жооп берет.

 

Чиновник белгилегендей, социалдык объектилерди курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн – алар мектептер, бала бакчалар жана фап. Баткен облусундагы бардык курулуштарды ушул жылдын 1-сентябрына чейин жыйынтыктоо пландалууда.