Түркмөнстанда «беткап тагуу» режими киргизилди

Түркмөнстанда «беткап тагуу» режими киргизилди. Эми аталган өлкөдөгү коомдук жайларда коргоочу бет каптарды тагуу милдетүү болуп саналат.

 

Ошондой эле унаанын түрүнө, жүргүнчүлөрдүн санына карабастан, бардык транспорттун айдоочуларына бет кап тагып жүрүү милдеттендирилди.

 

Базарлар жана ири соода борборлору жабылууда.

 

Өлкө бийлиги жашы өтүп калган адамдарды сыртка чыкпоого чакырды. Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча, Түркмөнстанда COVID-19дун бир дагы учуру катталган эмес.