1-июлдан тарта унаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар айыпка тартылат

1-июлдан тарта унаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар айыпка тартылат. Ошондой эле, башка өлкөдө катталган машинелер   1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек деген тизмеге кошулду, — деп билдирди Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров.

 

Анын айтымында, жол инспекторлорго милдеттүү түрдө көрсөтүлө турган документтердин тизмесине камсыздандыруу полиси дагы кирди.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда катталган жеке унаалар 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү зарыл.